• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте веложүрүш өтөт

17 Баш оона 202213:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алкагында веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен 28-августта өткөрүлөт.

Иш-чаранын программасына ылайык, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында таңкы саат 9.00дө башталат.

Мэрия бардык велосипедчилерди жүрүшкө катышууга чакырды.

Количество просмотров: 131