• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте веложүрүш өтөт

25 Аяк оона 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында экинчи жолу веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, марафон Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулуп, 27-сентябрь күнү саат 09:00до өтөт. Веложүрүш «Адинай» жаңы сейил багынын түндүк тарабынан башталат. Андан ары Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен жогору чыгып, Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин барат. Веложүрүш менен Токомбаев көчөсү менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, кайрадан Токтоналиев көчөсү аркылуу «Адинай» сейил багына келүү менен иш-чара жыйынтыкталат.

«Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1 жарым, 2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу шаар башкармалыгынын үч унаасы жана «Тез жардам» кызматынын бир унаасы коштоп барат»,-деп айтылат маалыматта.

Мэрия катышуучуларга велосипедчендер шлем жана башка коргонуу каражаттарын кийип келүүсү керектигин эскертет. Аларсыз веложүрүшкө катышууга тыюу салынат.

Количество просмотров: 60