• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте веложүрүш өтүүдө

30 Баш оона 2020 13:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта Бишкектин түштүк чыгыш тарабындагы «Ден соолук» паркында веложүрүш башталды. Иш-чарага катышуу үчүн 200дөн ашык велосипедчен чогулду.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Ден соолук» веложүрүшү коронавируска каршы күрөшүү үчүн саламаттыкты чыңдоо максатында жана Кыргызстандын Эгемендик майрамын утурлай өткөрүлүүдө.

Саамалыкта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов сөз сүйлөп, шаар тургундарын эгемендик майрамы менен куттуктады.

«Ден соолук» паркынан башталган веложүрүш Айтматов проспекти менен тоону көздөй Орто-Сай айылына чейин барат. Андан кийин Байтик баатыр көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө чейин төмөн түшүп, кайра паркта жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 162