• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте веложарыш өтөт

26 Чын куран 2024 11:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын күнүнө карата веложарыш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде борбор калаада велосезондун ачылышы болот.Бишкек шаарынын күнүнө арналган веложарыш саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан Достук паркында башталат. Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болот. Катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт.

Мындан тышкары иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.

Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.

Количество просмотров: 93