• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Венгриядагы ислам архитектуралык мурастарынын сүрөт көргөзмөсү өттү

31 Үчтүн айы 202513:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Венгриянын Кыргызстандагы Элчилигинин өз ара кызматташтыгынын алкагында “Венгриядагы ислам архитектуралык мурасы” аттуу көргөзмөнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Көргөзмөдө Венгриядагы ислам архитектурасынын көрүнүктүү үлгүлөрү – мечиттердин, медреселердин, тарыхый эстеликтердин сүрөттөрү жана маалыматтары сунушталды.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов бул иш-чаранын маданий диалогду өнүктүрүүдөгү жана тарыхый эстеликтерди таанытуудагы ролун баса белгиледи.

Венгриянын элчиси Дороги Шандор мырза өз кезегинде ислам архитектурасы Венгриянын көп кылымдык тарыхынын ажырагыс бөлүгү экенин айтып, көргөзмө кыргызстандыктар үчүн аталган мурас менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин билдирди.

Количество просмотров: 335