Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Анын ордуна Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди.
буйрукка Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.