• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте өзгөчө абал режими узартылды

2 Чын куран 2024 16:30 Бишкек Govori.TV

Катуу шамалдын кесепеттери боюнча мэрияда пландык кеңешмеси өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн тартибинде 2024-жылдын 28-мартында катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.

«Бишкек шаарында өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылууда»,-деп айтылат маалыматта.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов жабыркаган объектилердин саны тууралуу маалымат берди.

Ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамалдын кесепетинен 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа, ошондой эле 101 башка объектилер (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) жабыркаган. Тиешелүү шаардык кызматтар бул объектилерде ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 78