• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Бишкекте өзгөчө эстелик пайда болду

29 Чын куран 2024 17:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде “Ынтымак” сейил багында “Ы тамгасы” арт-объектисинин ачылышы болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев, “Россиялык гезиттин” Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков катышты.

Арт-объект QR — код менен жабдылып, «Ынтымак» паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.

Маалымат үчүн: белгилүү советтик лингвист К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө «Ы» тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.

Бишкекте «Ы тамгасы» арт-объектисин орнотуу идеясы «Россиялык гезитке» таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында «Дубровин» куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.

Количество просмотров: 82