• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте өзгөчө отургучтар орнотулду

15 Бугу 201913:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Т. Сатылганов атындагы Улуттук филормонияга катар жайгашкан Жаштар Аллеясына өзгөчө дизайндагы отургучтар орнотулду. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын басма сөз кызматчысы фейсбук баракчасына жазды.

На данном изображении может находиться: на улице

«Бишкек жашыл чарба ишканасы үчүн бул жаңы багыт. Жаңы дизайнда жасалган отургучтар абдан ыңгайлуу. Отургучтарга сүрөт тартпаганга, сындырбаганга, бут менен чыкпаганга чакырабыз!», -деп жазылат билдирүүдө.

На данном изображении может находиться: люди сидят

Бул отургучтардын ар биринин узундугу 12 метрди түзүп, токой кампасында сакталып турган жыгачтан жасалган.

Кошумчалай кетсек, дал ушундай отургучтар жакында Чүй, Манас көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.


Количество просмотров: 34