• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Бишкекте жөө адамды жол тандабас сүзүп кетти

19 Бирдин айы 201918:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 19-февралда саат 14:00 чамасында Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде, тактап айтканда «Чынар» соода борборунун бет маңдайында жол тандабас унаа жөө адамды сүзүп кетти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктаган маалымат боюнча, 46 жаштагы Х.Ш.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц GL63AMG» батышты көздөй бара жатып жөө адамды сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган адамды тез жардам унаасы алып кетти.

Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилет.

Количество просмотров: 11