Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа кагышты.
Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсык бүгүн болжол менен саат 9.30 чамасында Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Арча-Бешик” конушунда болгон.
«Жүргүнчүсү жок маршрутка Хонда менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып ооруканага жаткырылды.
Унаалар унаа токтотуучу жайга токтотулуп, кырсыктын себептери иликтенүүдө», — деп айтылат маалыматта.