Бишкекте жаңы санитардык полигонго борбордун мэри, мэрдин орун басары, ЕРӨБ башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсондун катышуусу менен пресс-тур өттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы макулдашууларга ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы №143 Мыйзамы).
Учурда бул долбоордун 4 компоненти ишке ашыруу стадиясында турат:
Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзөт, анын ичинен 11 миллион евро насыя жана 11 миллион евро грант.
Жаңы шаардык полигон өлкөдө биринчилерден болуп улуттук жана европалык экологиялык стандарттарга ылайык курулат.
Белгилей кетсек, көлөмү 1,9 млн. м³ болгон таштанды полигону жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик таштандыларын коопсуз таштоого мүмкүндүк берет. Полигонду гидроизоляциялык система менен жабдып, агынды сууну (курч жыты бар булганган суюктук) кармап, тазалоого жана анын жер астындагы сууларга кирип кетүүсүнө жана аны булгап кетүүсүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берет.