Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, Анкара көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, 54 метрлик эки автошаты тартылган. Өрттүн жалпы аянты 850м² күйүп, 1500м² сакталып калды.
Өрт саат 00:23дө чектөөгө алынып, 01:20 да толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.