• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бишкекте жаңы жол ачылды

10 Тогуздун айы 202517:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Куланак көчөсүндө курулуш иштери аяктап, расмий түрдө транспорт кыймылына ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 7-Апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин созулган жаңы жолдун узундугу 833 метр, туурасы 8 метрди түзөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолду асфальттоо, тротуарларды куруу, жолдун эки тарабына ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.

Куланак көчөсүнүн курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бул долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтууга багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы көчөлөрдү жана жолдорду өнүктүрүү, бардык райондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча туруктуу иштерин улантып жатат.

Количество просмотров: 248