• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жаңы жол пайда болот

21 Теке 202514:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ЖЭБдин жанында жаңы жол пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.

Жунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.

Количество просмотров: 281