25-31-декабрь күндөрү жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.