Бишкекте жааган жамгырдын кесепетинен арыкка толгон суу көчөнү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мааалыматка ылайык, 5-мартта Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга суу батпай, жолго агып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен сууну сордуруп, суу каптоо кесепетин толук жоюшкан.