Чолпон-Ата шаарынын унаа жолдорун суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирип, видео менен бөлүшүштү.
Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу унаалар жүргөн жолдорго суу толуп, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаралды.
20-22-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлө турганы маалымдалган. Анда айтылгандай, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.