• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте жалпысынан 610 адамдан коронавирус табылды

12 Кулжа 202011:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында бүгүнкү күнгө карата коронавирус жалпы 610 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын ичинен 335и аял киши болсо, 275и эркек.

«Бишкек шаарында коронавирус илдетинин коркунучу жогору бойдон калууда. 12-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жалпы 610 адамдан аныкталды. Анын ичинен 525 болсо, 85 адам сырттан келгендер», — деди Кузнецова.

Количество просмотров: 193