27-майдын кечинде аптаптуу күндөн кийин Бишкекте аба ырайы кескин өзгөрүп, шаарды катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгыр, күн күркүрөө жана айрым жерлерде мөндүр жаады. Жамгырдан улам кээ бир көчөлөрдө унаа жолдорун, тротуарларды жана көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин суу каптады.
Буга чейин синоптиктер аба ырайынын кескин өзгөрөрү тууралуу эскертишкен. Шаар тургундарынын айтымында, алгач катуу шамал борбор калаанын чет жакаларында байкалган. Өзгөчө ачык аймактарда, анын ичинде айланма жолдордо шамалдын күчү катуу сезилген.
Тургундардын маалыматына караганда, айрым жерлерде суу унаа жүрүүчү жолдорду гана эмес, жөө адамдар өтүүчү аймактарды да каптаган. Ошондой эле шаардын кээ бир райондорунда көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин суу каптаганы айтылууда.
Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев суу каптаган аймактарды тазалоо иштери боюнча видео жарыялады.
«Көпүрөнүн асты толугу менен тазаланды», — деди ал.