• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жарандык никедеги аялынын кызын уурдаган шектүү кармалды

8 Чын куран 202115:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жарандык никедеги аялынын кызын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-апрелде саат 13:36 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыз уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.  Жоголгон кыздын апасы (1988-жылы туулган В.И.) билдирген маалымат боюнча, жарандык никедеги жолдошу 2018-жылы төрөлгөн кызын «БМВ X5» үлгүсүндөгү автоунаага салып, уурдап кеткенин айткан.

Көп узабай 1982-жылы туулган Ш.Ф. кармалган. Ал Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

«Кыз апасына берилди. Абалы жакшы»,-деп айтылат малыматта.

Количество просмотров: 371