• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип эки адам кармалды

21 Бештин айы 2021 11:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип 24 жана 25 жаштагы эки жигит кармалган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 17-декабрда саат 02:40тар чамасында “102” кызматына 7-апрель жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен “бирөөгө бычак сайып жиберди” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда балдар урушуп, бири экинчисинин артына бычак сайып, андан ары качып кеткендигин 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран көргөндүгүн кабарлаган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.У. жана 25 жаштагы Ш.Ы. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 121