Бишкек шаарындагы кеңселердин биринде жогорку жана орто билим тууралуу жасалма диплом даярдаган эки адам аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тинтүүнүн жүрүшүндө орто кесиптик билим тууралуу 47 жасалма диплом табылган. Ошондой эле 40ка чукул ар кандай мамлекеттик мекеме-органдардын, жеке ишканалардын, нотариустардын мөөрү болгон. Ошондой эле компьютердик техникалар алынган. Иликтөө ишинин жүрүшүндө мурда соттолгон 1961-жылы төрөлгөн М. Г. жана 1991-жылы төрөлгөн Ж. З. аттуу адамдар кармалган.
Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду, сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарды.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.