Бишкек шаарында жасалма номур менен «Субару Легаси» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Фрунзе көчөсүнөн терезеси караңгылатылган «Субару Легаси» үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Унааны 1992-жылы төрөлгөн К.Б. аттуу жаран айдоочулук күбөлүгү жок башкарып бара жаткан. Андан тышкары, автоунаанын мамлекеттик номура да жасалма болгон.
«Унаа айып короого киргизилип, иш боюнча чогулган материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.