• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте жасалма номур менен унааны башкарган айдоочу кармалды

28 Кулжа 202116:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жасалма номур менен унааны башкарган айдоочу кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 27-июнда милициянын кайгуул кызматкерлери саат 17:45тер чамасында Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен “БМВ” үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кайгуул кызматкерлери унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 32 жаштагы С.Б. аттуу жаран жасалма номур менен унаасын айдап жүргөндүгүн аныкташкан.

Аталган факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Количество просмотров: 117