Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев борбордогу жасалып жаткан жолдор боюнча Govori.TV сайтына айтып берди.
Шаардын вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымына караганда, шаардагы көчөлөрдү оңдоо иштери 15-октябрда аяктайт. Азыркы тапта жолчулар тынымсыз иштеп жатат. Люктар жолдордун ортосуна коюлуп калгандыктан, аларды которуу иштери убакытты алып жаткандыгын белгиледи.
Жолдорду “Бишкекасфальтсервис” ишканасы жана бир нече жеке менчик ишканалар салып жатышат. Жолдун сапатына капиталдык оңдоону жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жол салган ишкана жолдун сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөттүн аралыгында жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет. Ал эми интернет желесинде тарап жаткан талкаланган жолдор тууралуу сүрөттөр 2011-жылы салынган жолдорго тиешелүү.
Азыркы тапта Чүй проспектиси, Жукеев-Пудовкин, Достоевский, С.Садыгалиев, М.Горький көчөлөрү оңдолуп жатат. И.Ахунбаев, Байтик Баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады. Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылы борбордун негизги 6 көчөсүндө жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү пландаган.