• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте жаш балдар жол кырсыгына кабылып, үчөө көз жумган

1 Бирдин айы 2023 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кайгуул кызматкерлеринен качып бара жаткан жаш балдар жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар шаардын көчөлөрүн кыдырып жүрүп, Тоголок Молдо көчөсүнөн белгисиз адамдар «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаага адамды тыгып баратканын байкашкан.

«Бул кайгуул кызматкерлерине шек жаратып, алар анын артынан түшүшкөн. Сигналдын катуу сүйлөгүч аппараты аркылуу унааны текшерүү үчүн токтотууну талап кылышкан, бирок айдоочу ылдамдыгын жогорулатуу менен кыймылын уланткан. Ошентип кайгуул кызматкерлери айдоочуну бир нече ирет мыйзамга баш ийүүсүн талап кылышкан, бирок унаа кайгуулчулардан алыстап, көрүнбөй калган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, аталган унаа Төмөнкү Ала-Арча айылында кырсыкка учураган. Катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа алгач даракты, андан соң Тоголок-Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир-бетон тосмону сүзгөн», деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмакерлери биринчи жардам көрсөтүшүп, дароо тез жардам чакырышкан. Белгилүү болгондой, унаада 5 адам болгон. Үч адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду (өздүктөрү такталууда), ал эми 2003-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган У.М. №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 728