Бишкектин Т.Айтматов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кыз 6-кабаттын терезесинен секирип, каза болду. Маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, милицияга чакыруу саат 13:55те келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Кыздын өздүгү аныкталып, ал 2001-жылы туулган М.Г. экени такталган.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.
Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертиза дайындалды.