• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026
иллюстративдик сүрөт

Милиция чоочун киши 6 жаштагы кызды үйдүн жер төлөсүнө киргизген деген маалыматты текшерип жатат

15 Кулжа 202520:22 Бишкек Govori.TV

Милиция чоочун эркек 6 жаштагы кызды көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө кармаган деген маалыматты текшерип жатат.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, баланын атасы арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, белгисиз адам 10-июнь күнү кечинде Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 2019-жылы туулган жашы жете элек кызы менен болгон.

Бул факт ЖУИ АМСте катталып, тергөө иштери башталды. Шектүүнүн өздүгүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Катталган учурдан тартып сотко чейинки өндүрүштүн материалдары ИИБ, ИИМ жана прокуратуранын жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Экспертизалар дайындалып, психологдор жана балдарды коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана экспертизанын корутундусу боюнча күнөөлүү адамдарга акыркы юридикалык баа берилет, деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 835