• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жаш жигит поездге урунуп каза болду

19 Аяк оона 20210:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаш жигит жүк ташуучу поездге урунуп каза болду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 18-сентябрь күнү саат 10:12 чамаларында болгон. Эркиндик бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинин жанында 21 жаштагы жаран поездге урунуп каза болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон.

Количество просмотров: 210