• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды

2 Аяк оона 202115:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 28-августта Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге С.У. аттуу кыз кайрылып, “А” аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 27-августта 23:00дөр чамасында “Алтын-Ордо” конушунда эркине каршы күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап, андан кийин кызды үйүнө таштап, өзү белгисиз жакка кетип калган.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 162-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук”) боюнча Октябрь райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү 1995-жылы туулган С.А.нын өздүгү аныкталып, шаардын аймагынан кармалган. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, убактылуу кармоочу абак жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 208