“Ауди” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай аялдамада турган адамдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 29-мартта саат 10:00дөр чамасында борбор калаанын Чүй проспектисинде (Чыгыш-5 кичирайону) катталган.
«Унаа эне-баланы жана эркек кишини сүзүп, тротуарга чыгып кеткен. Тез жардам кызматы тарабынан эне-бала ооруканага жеткирилген. Жеринде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.