• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Бишкекте жер төлөөдөн өрт чыкты

23 Жетинин айы 2021 10:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жер төлөөдөн өрт чыгып, 61 жаштагы жаран көмүр кычкыл газына ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө таштанды жана эски кийим-кечелер күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши көмүр кычкыл газына ууланган. Жабыркаган жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 121