Бишкек шаарынын N31-орто мектебинде 7-класстын окуучуларынын сабак учурундагы урушу трагедия менен аяктады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 15-апрелде 2011-жылы туулган А.А. атту бала 2010-жылы туулган А.А. атту классташ кыз менен урушуп, аны уруп салган, кыз эсин жоготкон, деп айтылат.
Окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Бирок дарыгерлер келгенге чейин кыз көз жумган.
Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.