Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Аны Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери колго түшүргөнүн басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 7-февралда саат 11:30 чамасында 7-Апрель көчөсүндө болгон. «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенден кийин 2015-жылы туулган Ж.Н. ооруканага жеткирилген.
Шектүү — 1995-жылы туулган Б.Р. милиция бөлүмүнө жеткирилип, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланат.