• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз табылды

11 Теке 20191:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.07.2019. Govori.TV

Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук ИИБне шаар тургуну О.Ж., кайрылып, 15 жаштагы К.К., аттуу кызын табууда жардам сураган.

Кыздын апасынын айтуусунда, 2019-жылдын 6-июлунда болжол менен саат 18:30да өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Аталган факты Бишкек шаардык Свердлов районунун Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Бүгүн калаадагы «Чыгыш-5» кичирайонунун аймагынан кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 16