• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жоголгон унаа Оштон табылды

30 Жетинин айы 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

 Бир жыл мурда жоголгон Бишкек шаарынын жашоочусунун Lexus LS 460 унаасы Оштон табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа «Автоураган» программалык-аппараттык комплексинин жардамы менен табылган.

2021-жылы сентябрда бишкектик жаран арыз менен кайрылып, ушул жылы августта белгисиз жаран ишенимге кирип, анын унаасын алып, андан кийин из жашырып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган айдоочу андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн Ош шаардык ички ищтер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Теги:
Количество просмотров: 172