• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте жол кире акысын накталай алган коомдук транспорттун айдоочулары жазалана баштайт

29 Теке 2020 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 10-августтан тарта «Тулпар» көзөмөл кызматы иштейт баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, долбоорду ишке ашырган компаниянын адистери айдоочуларда карталардын бар же жоктугун текшерип, жүргүнчүлөргө карта жана валидаторлорду колдонуу тууралуу айтып беришет.

«Жол кирени накталай төлөө учурлары аныкталганда айдоочуларга жана транспорттук ишкананын жооптуу адамына чара көрүү боюнча акт түзүлөт», — деп билдирет мэрия.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарын жол кирени карта менен төлөөгө өтүүгө чакырат.

Көк карталарды айдоочулардан, мобилдик операторлордун кеңселеринен же «Кыргыз почтасы» ишканасынын бөлүмдөрүнөн 50 сомго сатып алууга болот — сатып алынган карта менен автобус же троллейбуска бир жолу акысыз түшүүгө болот. Андан кийин картага акча салып толуктап туруу керек.

Жеңилдиктер каралган жарандар үчүн кызыл карталар райондук акимчиликтердин имараттарында жана шаардык троллейбустук башкармалыктан берилет.

Количество просмотров: 160