• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте жол кире кымбатташы мүмкүн деген мэриянын кызматкерлери иштен алынды

11 Бештин айы 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы эки өкүлү иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамдарынын 46-беренесине ылайык, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканасынын жетекчиси Артур Өмүрзаков менен Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы жетекчилер азырынча дайындала элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Атыканов менен Өмүрзаков мэрия коомдук транспорт үчүн жол кире акысы жогорулашы мүмкүн экенин айтышкан.

Количество просмотров: 50