• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

9 Жалган куран 202314:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта саат 10:00дөр чамасында Ч.Айтматов жана М.Гшлиессера көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады.

Маалыматка ылайык, «Мазда 6» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүк тарапты көздөй бара жатып, М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен «Тойота Королла» менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам — эки унаанын айдоочулары, «Мазда 6» унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.

Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 157