• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жол кырсыгынан 9 адам жабыркады

3 Үчтүн айы 2023 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,1-январда түнкү саат 23:00 чамасында 28 жаштагы О.Н. «Субару-Форостер» унаасы менен Манас простпектисинде түндүк багытында келе жатып Москва көчөсүнөн солго бурулуу учурунда түндүк багытта келе жаткан 19 жаштагы А.Б.нын башкаруусундагы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада тогуз адам жабыркаган. Алар: «Субару-Форостер» унаасынын жүргүнчүсү 22 жаштагы С.К. (аял), 11 жаштагы А.Д. (өспүрүм), 22 жаштагы А.С, «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу О.Н., жана жүргүнчүлөрү 22 жаштагы А. кызы А., 22 жаштагы М. уулу Э, 1 жаштагы наристе М.А. жана 3 жаштагы өспүрүм М.С.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин эскертет.

Количество просмотров: 1171