Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.
Бишкек шаарындагы жол кырсыктан катуу жаракат алган стилист Асел Мамбеткалиева ооруканадан каза болду.
Катуу жаракат алган жабырлануучуга бир нече жолу операция жасалып, бирок жылыш болгон эмес.
7-февралда саат 13:00 чамасында электр мамыга катуу урунган «Лексус» үлгүсүндөгү унаада А.Мамбеткалиева жүргүнчүнүн ордунда болгон. Ал эми айдоочу (эркек киши) катуу жаракат алып, ошол жерден көз жумган.
Күбөлөр унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу башкарууга ээ боло албай калганын билдиришкен. Мамыга урунган унаа да талкаланган болчу.
Кайрымдуулук иштери менен да алектенип келген А.Мамбеткалиеванын артында 3 баласы калды.