Бишкекте Ахунбаев көчөсүндө айдоочу мамыны, андан кийин жүк ташуучу унааны сүзүп, кырсыктан 32 жаштагы кош бойлуу келин каза тапты. Бул тууралуу ЖККББнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү болжол менен саат 00:30да «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, мамыны, андан кийин жүк ташуучу унааны сүзгөн. Борбордогу №4 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы К.Д. 35 жаштагы айдоочу А.А. жана дагы бир А.О. аттуу жүргүнчү жеткирилген.
Кошумчалай кетсек, Kaktus.media басылмасынын маалыматына караганда, айдоочу — мас, ал эми каза тапкан аял кош бойлуу болгон.