• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркагандарды номери жок унаа алып кетти

8 Тогуздун айы 2021 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркагандарды номери жок унаа алып кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда саат 03:00дөр чамасында Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаа Ч. Айтматов көчөсү менен бара жатып, Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен жердеги көпүрөнүн астынан унааны башкара албай бетонду сүзүп алган.

Кырсык болгон жерге Lexus LX 570 унаасы келип, жабыркаганды алып кеткен. Ал унаанын мамлекеттик номери жок болгон.

Жол кырсыгынан эч кандай жабыркагандар жок.

“Жол кырсыгы боюнча эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 375