• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте журналисттер ишембилик өткөрдү

7 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн – 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Бишкекте журналисттер, активисттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Алар Журналисттер аллеясын тазалап, көчөт отургузушту.

Ошондой эле бүгүнкү кыргыз медиасындагы абал тууралуу пикир алмашышты.

Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясын 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси түптөп, көчөттөр тигилген.

Быйыл кыргыз журналистикасына 98 жыл толду. Тарыхка кайрылсак, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын тунгуч гезити «Эркин-Тоо» жарык көргөн. Ал учурда «Кыргыз Туусу» деген ат менен чыгып келет. Ушул күндүн урматына 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «7-ноябрды Кыргызстандын басма сөз күнү катары белгилөө жөнүндө» токтом кабыл алган.

Количество просмотров: 106