• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте журналисттердин «Медиа топтоо» форуму өтүп жатат

21 Чын куран 2018 11:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.04.2018. Govori.TV
Бишкекте «Интерньюс»  тарабынан уюштурулган «Медиа топтоо» аттуу форум өтүп жатат. Бул туралуу Govori.TV агенттигинин ал жакта катышып жаткан кабарчылары билдирди.
Алардан белгилүү болгондой, бул форум аты айтып тургандай медиа тармагынын өкүлдөрүнүн бир аянтка топтоп,  Кыргызстандагы сөз эркиндигинин маселелерин талкуулоого арналган.
«Форумда биз медиа тармагында иштөө адамга чыгармачылык эргүү тартуулай тургандыгын, ошону менен бирге эле такталган маалыматтарды Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө таратуу манилүү экендигин, басма сөздөгү кемчиликтер менен артыкчылыктарды ачыктоону максат кылдык»,-дейт, «Интерньюстун» өкүлү Элина Карагулова.
Баарынан артыкчылыгы жергиликтүү журналисттер эларалык күчтүү, аты аталган медиа уюмдардын өкүлдөрү менен баарлашып, өздөрүнүн медиа мүмкүнчүлүктөрүн аларга тааныштырууга чоң шарт түзүлгөн. Мисалы, эл аралык медиа талдоочулар  Мишель Фостер (IJF, АКШ), Иван Колпаков («Медуза», Латвия), Всеволод Пуля (Media Toolbox, Орусия) жана Андрей Тарановдор (Kwendi, Украина) бүгүн форумда Кыргызстандык журналисттер менен таанышышат.
Количество просмотров: 37