Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин катышуусундагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча оперативдүү штабдын жыйынында кабыл алынды.
“ӨКМдин гидрометеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук күтүлбөйт”, — деп айтылат маалыматта.