• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги 300 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

26 Аяк оона 202415:27 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 га болгон 5 муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бул жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема, Бишкектин Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалоо жолу менен айрым жогорку кызматтагы адамдар уюштургандыгы такталган.

Кылмыштуу план боюнча аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтер катталгандан кийин турак-жай комплексин куруу пландалган.
Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чаралардын алкагында жалпы наркы 300 млн. сомду түзгөн 0,35 га муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыштуу схемага катышкан жактар аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмыштуу аракеттерге катышкан адамдар аталган жер тилкелерин мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди.

Количество просмотров: 107