• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкектеги №35 жана №41 автобустук каттамдар башка ишканага пайдаланууга берилүүдө

10 Бугу 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмду өнүктүрүү департаменти «Шыдыр жол КЖ» ЖЧКсы менен түзүлгөн №35 жана №41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ташуучу ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыктан, келишим бир тараптуу бузулду.

Эске салсак, ишкана жумуштагы кемчиликтерди, тактап айтканда, кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу милдеттерин жана талаптарын аткарган эмес.

Шаардыктар линияда №35 жана №41 кичиавтобустук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан.
Аталган ишкананын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошентип, 2022-жылдын 11-майынан тартып “Шыдыр Жол KG” ЖЧКсы жогорудагы каттамдарды тейлөөнү токтотот.

Шаардыктарды  коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 316