• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги 42 мектепке гана директорлор тандалды (тизме)

1 Аяк оона 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынактык тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катышууга жалпы 181 талапкер документ жиберген, анын ичинен 49 талапкердин документи жараксыз деп табылган. Тестирлөөгө 129 адам катышып, 3 адам келген жок. Эң жогорку көрсөткүч 87,5%ды түздү.

Эң жогорку упайларды топтогон 42 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Сынактан кийин Бишкекте дагы 20 бош орун калды.

Бишкек шаары боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен төмөндөн тааныша аласыз.

Количество просмотров: 378